Бүгүн, 3-февралда парламенттик KG жана өкмөткө таандык 23 мамлекеттик номер жок кылынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитов билдирди.
"Бүгүн Бишкекте депутаттарга таандык 120 комплект жана өкмөт мүчөлөрүнүн 23 номери жок кылынды. Ал эми президенттик аппараттын кызматкерлеринин 20 номери 18-февралга чейин өткөрүлүп берилсе, алар да жок кылынат. Кийин мындай номерлер чыгарылбайт. Бир гана президенттин номери жок кылынган жок. Ал номер өзүнүн мыйзамдуу күчүн сактап, мындан ары да колдонула берет",- деди Мелис Эржигитов.
Маалыматка ылайык, номерлердин калдыктары "Кыргыз темир" мамлекеттик ишканасына берилет. Ал эми эл өкүлдөрүнө берилчү номерлердин кадимки номерден айырмасы жок болот.