Москвадагы өрттөн каза болгондордун туугандары Орусия Федерациясынын Тергөө башкармалыгына барышты

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Москвадагы өрт кырсыгынан каза болгондордун туугандары Кыргыз Республикасынын элчилигинин коштоосунда Орусия Федерациясынын Башкы тергөө башкармалыгына тергөө амалдарына катышууга барышты. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жапа чеккендерди туугандары тарабынан таануу процедурасы өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын өрттөн тирүү калган жарандарынын абалы канааттандырарлык.

Кылмыш иши тергөө үчүн Москвадагы Орусия Федерациясынын Тергөө комитетинин Жогорку тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.

"Кыргыз Республикасынын элчилиги каза болгондордун сөөктөрүн кыргыз өлкөсүнө алып кетүү максатында ДНК анализдеринин жыйынтыгынын эртерээк чыгышына бардык аракеттерди көрүп жатат. Каза болгондордун туугандары элчиликтин конок үйүнө жайгаштырылышып, тамак-аш менен камсыздандырылышты",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан