Коомчулукта парламент депутаты Мээрбек Мискенбаевдин Тынар Курбаналиев менен Рахман Разыковдун концерттеги тамашасына айткан сыны кызуу талкууга алынып жатат. Айрымдары куудулдар туура эмес кылганын айтышса, көпчүлүк "Мындан башка кыларга иши жокпу?" деп депутатты айыпташууда. Куудулдар депутаттын мындай кадамын "бийликтин кемчилигин айткандардын оозун жабуу аракети" деп баалашууда.
"Мунун баары биз концертте депутаттардын кемчиликтерин көрсөтүп жатканыбыздан болуп жатат. Мээрбек Мискенбаев менен эки күндөн бери сүйлөшүп жатам, ага таарынбайм деле. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ал өзү эмне кылып жатканын деле билбей турганын түшүндүм. Депутатты ары жактагылар "сен ушул сөздөрдү айтып, такыр сөзүңдөн кайтпай тура бер, калганын биз бүтүрөбүз" деп турушкандай. Эптеп бир шылтоо таба албай жатышканда Тынардын тамашасы чыгып калды. Ал тамашада "Апрель баатырлары" деп так деле айтылбаптыр. Баатыр наамын алган адам "мен баатырмын" деп таксиге акча төлөбөй койсо, "Силер, баатырлар, көбөйүп кеткен жоксуңарбы?" деп сурап коюптур, болгону ушул.
Ал эми Рахман агайдын ырында "Ошто болгон окуядагы курман болгондорду деле баатыр кылбайлыбы..." деп айтылыптыр. "Болуптур, аларды да баатыр дешибиз керек, буларды да баатыр дешибиз керек" деп эле койсо болмок. Байкашымча, бул ызы-чуунун максаты башкада. Булар бийликти сындаган куудулдардын оозун жабууну ушундан башташты. Элге салмактуу угулушу үчүн "Апрель баатырларын мазактады" дегенди кошуп коюшту",- дейт куудул Борончу Кудайбергенов.
Куудул аталган депутатты чыгармачыл адамдарга асылбай, маанилүү иштер менен алектенүүгө чакырды.
"Бул депутаттын иши эмес. "Куудулдар элди түндүк-түштүккө бөлүп жатат" деп өзү ортого от жагып жатат. Эл арасында "Тынар менен Рахман концерт коюп келсе, таарынбасын" деген сөздөр чыгыптыр. Ушундан чыгып жатпайбы, бөлүнүүнүн баары",- деди Кудайбергенов.