Куудулдарга байланыштуу депутат Мээрбек Мискенбаевдин айткан пикири тууралуу Рахман Разыков SUPER.KG порталына жооп берди.
"Биринчиден, ал сатирада түндүк менен түштүктү бөлүү тууралуу бир дагы сөз жок. Мискенбаев айткандай, шейит кеткен балдар наркоман, алкаш деп айтылган эмес. Эгерде кандайдыр бир экспертиза ушул тамашада "элди экиге бөлгөн чакырыктар бар" деп далилдесе, анда Мискенбаевдин жаза турган мыйзамын күтпөй эле, мен барып айткан түрмөсүнө отурууга даярмын",- дейт Разыков.
Ал эми тамашада окулган ыры тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Ал ыр жөн эле ыр эмес, ал ыр "Күйгөн кошок" деген 600 куплеттен турган дастан. Анда биздин мамлекеттин 24 жыл бою басып өткөн бардык жолун, мурдагы СССРге салыштырып, азыр биз жол таба албай жүргөнүбүздү, Бакиевдинби, Акаевдинби, Отунбаеванынбы, Атамбаевдинби, ошол бийлик тушундагы мамлекет басып жаткан жолду жазганмын. Ошонун ичинен тамашада 6 куплет ыр окулган. Эгер 6 куплет ырга ушунча болуп жатышса, анда 600 куплет чыкканда эмне болушарын билбейм".
Рахман Разыков "Баатыр" наамы өзүнүн баркын жоготуп жатканын да кошумчалады.
"Менин оюмча, "Баатыр" наамы өзүнүн баркын жоготуп жаткандай, баатырлардын саны өтө көбөйүп кетип жаткандай. Чыныгы баатырлар жөнүндө айтылган жок, аларга кошулуп "Баатыр" наамын алып калып, көчөдө күбөлүктүн сыртын көтөрүп алып "мен баатырмын, концертке бекер киришим керек" дегендерден улам жазылган куплеттер.
Ош шейиттери тууралуу токтолсом, "эмне үчүн мамлекет тараптан эки жакка тең бирдей каралган эмес, чындык болбой жатат..." деген сөздү мага чейин "Ош шейиттеринин" атынан келгендер парламенттин трибунасында айтышкан. Бул ырда жалгыз оштуктар тууралуу эмес, Оштогу баатырлар деп айтылып жатат. Анын ичинде Оштогу болгон каргашалуу күндө кыргыз өлкөсүнүн бардык жеринен эч кимге айттырбай эле барган балдар жөнүндө айтылууда. Эмне үчүн аларга "Баатыр" наамы берилген эмес?"- деген суроону койду Рахман Разыков.