Ооруп каза болгон адамдын жубайы дарыгерлер тарабынан медициналык жардамдын өз учурунда берилбегенин айтууда. Акыйкатчы кызматынан билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын атына Г.М. аттуу жаран Бишкек шаарындагы №8-Үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлеринин туура эмес аракеттери боюнча кайрылган. Арызда жазылгандай, анын күйөөсү өз учурунда медициналык жардам албагандыктан, 2015-жылдын 20-мартында Бишкек шаарындагы
№8-бейтапканада миокарддын инфарктынын курчушунан каза болгон.
Бул окуя анын балдарынын көз алдында болгон. Арыз ээсинин сөзүнө таянсак, бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө бир нече жолу каралып, кылмыш курамынын жоктугунан кылмыш ишин козгоодон эки жолу баш тартылган. Бирок Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2015-жылдын 5-ноябрындагы токтому менен ИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Р.Сыдыгалиевдин 2015-жылдын 10-октябрындагы кылмыш ишин козгоодон баш тартуусу жөнүндө токтому мыйзамсыз деп табылган. Баш тартылган материал 2015-жылдын 20-мартында мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн Бишкектеги Свердлов районунун прокуроруна жиберилген.
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурору Ж.Исмаиловго арыз ээсинин арызын текшерип, объективдүү, мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн кат жиберилди.