Москвадагы өрт кырсыгында күйөөсү Эргешбай жана 4 жаштагы баласынан ажыраган келин жаңы төрөлгөн ымыркайы менен кыргыз жерине учуп келди. Ал 10-февралда Москва шаарынан жөнөп кеткенин Москвада иштеп жүргөн Жылдыз Осмонова социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчасына жазып чыкты. Осмонова ымыркайга Орусиядагы мекендештер тарабынан жардам көрсөтүлгөнүн айтты. "Аиданын баласына деп кийимден сырткары 46 528 рубль да чогултулду. Уулунун атын Тариэль деп коюптур. Төрөлгөнүнө 11 күн болгон бөбөк менен Аида кыргыз жерине учуп кетишти",- деди ал.
Өрт кырсыгы болгон күнү Аида ымыркайы менен төрөт үйүндө болгон.
Айта кетсек, 30-январдан 31-январга караган түнү Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүү ишканасындагы өрттөн 12 адам, анын ичинен 3 кичинекей бала каза тапкан. Алардын ичинде 8 кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан экиден адам болгон.
Бүгүн эртең менен 6 адамдын сөөгү учак менен Ош шаарына алынып келип, андан ары Баткен облусуна жиберилди. Өкмөт сөөктөрдү алып келүү үчүн 700 миң сом каражат бөлгөн.