Бишкек, Чүй жана Таластын тургундары январь айында 64,6 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөштү

Бишкек, Чүй жана Таластын тургундары январь айында 64,6 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөштү. Муну бүгүн, 11-февралда “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, үнөмдөө 8,84 пайызды түздү. Ошол эле маалда колдонуучулар бир айда 666,8 миллион киловатт-саат электр энергиясын сарпташты. Бул көрсөткүч былтыр ушул учурда 731,4 миллион киловатт-саат электр энергиясын түзгөн.

Бул жылдын январь айында Бишкекте 44,6 миллион киловатт-саат электр энергиясы үнөмдөлгөн. Мерчемделген 345,6 миллион киловатт-сааттан бишкектиктер 301 миллион киловатт-сааттан ашыгыраак электр энергиясын керектешкен.

Чүй облусу боюнча каралган 322,5 миллион киловатт-сааттан 311,5 миллион киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылган. Ал эми Талас облусунда мерчемделген 63,3 миллион киловатт-сааттын 54,3 киловатт-сааты керектелген.

Ушуну менен каралган электр энергиясын үнөмдөө борбор калаабызда - 12,91, Чүй облусунда - 3,42 жана Талас облусунда 14,18 пайызды түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан