Социалдык фонддун башчысы соцфондго төлөмдөрдү көтөрүү туура эмес болгонун моюнга алды
Социалдык фонддун башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев соцфондго төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жогорулашы туура эмес болгонун моюнга алды. Парламенттин 17-февралдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов төгүмдөрдүн көтөрүлгөнүн сындап:
"Силер аймактардагы алтын казган компанияларда иштегендердин айлыгына карап эле чечим чыгарып салгансыңар. Реалдуу жашоо башка, элдин азыркы абалын эске алышыңар керек",- деп билдирди. Соцфонд башчысы кемчиликтер жоюлуп, жаңы мыйзам сунушталарын айтты.
"Аксы, Чаткал, Ала-Бука райондорун кыдырып келдим. Төрт адамга 1 сотых жер тийип, айына 18 тыйын төлөгөн жерлер бар экен. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Тарифтерди кайра карап, жеңилдиктерди киргизүү тапшырмасы берилди. Карайбыз, айрым категорияларды тактап алышыбыз керек болууда. Кемчиликтер болгон, мисалы, айлыктарды эсептөө боюнча. Жакында жаңы мыйзам сунуштайбыз",- деди Абылгазиев.