Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери түшөт. Муну парламенттин 17-февралдагы жыйынында аталган мекеменин башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирип, "Оорчулук келет деп айтылды, демек, тарифтер сөзсүз түшөт. Качан төмөндөй турганын азырынча айта албайм, ал үчүн жаңы мыйзамды парламент колдошу керек. Тарифтер түшкүчө жарандар мурунку тарифтер менен төлөй беришет",- деди.
Спикер Асылбек Жээнбеков жаңы мыйзамды депутаттар демилгелеп жатканын белгилеп: "Силер ушул мыйзамга аралашкыла, өзүңөр сунуштагыча 5-6 ай өтөт",- деп билдирди.