Кыргыз жеринен куулган орусиялык журналист Москвадагы метро окуясы боюнча кыргыздарды "оорулуу" деп айыптоодо

Кыргыз мамлекетине кирүүсүнө тыюу салынган орусиялык журналист, эксперт Александр Князев кыргыздарды улутчул деп айыптоодо. Социалдык тармактагы баракчасына жазган пикиринде Князев кыргыз коомчулугун "оорулуу" деп атады. Журналист Москва метросунда аялды куткарып калган кыргыз жаранынын улутун даңазалоого каршы.

"Бир апта мурун метродо жигит аялды куткарууга катышты. Куткарган адам чукча эмес, кыргыз болуп калганы үчүн алар эми бир ай талкуулашат. Оорулуу коом... Талашсыз, жигит азамат. Ал эми Кыргызстан оорулуу. Маанилүүсү, ал - адам, башкасы маанилүү эмес. Кыргыз же орус болбой, адам болуу керек",- дейт журналист.

Жеке баракчасындагы мындай билдирүүгө Улан Алымбеков аттуу кыргыз жараны пикир калтырган. "Миңдеген москвалыктар кызды куткарып калууга түшпөй, телефонго тартып жатышты. Биздин жигит азамат! Эмне үчүн анын кыргыз экенин айтып, сыймыктанууга болбойт? Орустарга өзүнүн баатырын айтып мактанууга болот да, кыргыздарга болбойбу?"- дейт эксперттин пикирине кошулбаган жаран.

Эскерте кетсек, Александр Князевдин Кыргыз Республикасына киришине 2013-жылдын апрель айында тыюу салынган. Мындай чечимди өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан