Президент Алмазбек Атамбаев Орозбек Молдалиев менен өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-февралда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда мамлекет башчыга өлкөдөгү диний кырдаал, диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди.

Мындан тышкары Орозбек Молдалиев диний жана диний билим чөйрөсүндөгү реформалар, анын ичинде дин боюнча адистерди даярдай турган колледжди уюштуруу тууралуу айтып берди. Колледжде диний маданият, диндер теориясы, светтик мамлекеттин жана диний ишенимдердин принциптери тууралуу илимий билимдер окутулмакчы.

Президент өлкөдөгү диний кырдаалга такай көз салуунун зарылдыгын, ошондой эле светтик өлкөдө диний билим берүүнү өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан