"Журналист Семетей Талас уулун ур-тепкиге алган" делген Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев журналисттерге аталган окуя боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. Аны менен жолугушкан кабарчыларга эч нерсе айтпай, колун шилтеп басып кетип калды.
Эскерте кетсек, бүгүн журналист Семетей Талас уулу социалдык тармактагы жеке баракчасында депутат тарабынан ур-тепкиге алынганын жарыялаган. "Жан сакчыларына карматып алып кечирим сурашымды талап кылды. Тепки жесем да сураган жокмун. Бул зөөкүр менен мыйзамдын тилинде сүйлөшөм, депутат болбогондо башкача сүйлөшөт элем. Жан сакчыларынын колу тийген жок",- деп жазган журналист.
Социалдык тармактын колдонуучулары депутатты сөгүп жатышат.