Парламентте 17-февралда “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Үчүнчү окуудагы мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине жарандардан алгачкы аскердик жыйындарды өткөндүгү, альтернативдик кызмат өтөгөндүгү үчүн түшкөн төлөмдөрдүн суммасынын 10 пайызын которуу менен анын ишмердүүлүгүн арттырууга багытталган.