Бүгүн, 17-февралда өкмөт башчы Темир Сариев Кыргыз Республикасындагы Орусиянын элчиси Андрей Крутькону кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-орус кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланганын өкмөттөн билдиришти. Сариев 2015-жылдын ноябрь айында Ош облусунда орун алган жер силкинүүгө байланыштуу көрсөтүлгөн гуманитардык көмөк үчүн ыраазычылык билдирди.
Өкмөт башчы тарабынан белгиленгендей, "Газпром" акционердик коому калкты жаратылыш газы менен камсыздоо боюнча бардык келишимдерди аткарууда, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы социалдык долбоорлорду ишке ашырып жатат.
Премьер-министр эки өлкөнүн өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 18-жыйынынын протоколун ишке ашыруу маанилүүлүгүн белгиледи.