17-февралда өкмөт башчы Темир Сариевдин төрагалыгы алдында жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы иш-чараларды жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо боюнча жыйын өттү. Жыйында Сариев бул маселе орчундуу экенин белгилеп, малды идентификациялоо иштери создугуп жатканын билдирди. Премьер-министр малды идентификациялоо боюнча конкреттүү иштерди баштоо мезгили келгенин билдирип, бул өнөктүктү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган катары өкмөт алдындагы Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция аныктоо боюнча токтомго кол койду.
Темир Сариев аталган органга эки жума ичинде идентификациялоо боюнча деталдуу план даярдап чыгып, бул жааттагы иштерди кечиктирбестен баштоо тапшырмасын берди.
Жаныбарларды идентификациялоону ишке ашырууда өкмөттүн алдындагы Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги жеке жоопкерчилик тартарын кошумчалады. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.