Жогорку Кеңештин спикери депутаттарды кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды

Парламентте 18-февралда спикер Асылбек Жээнбеков 21-февраль - Эне тилдин эл аралык күнүнө карата билдирүү жасады. Төрага кыргыз тилин өнүктүрүү ар бир жарандын, өнүктүрүүгө шарт түзүү мамлекеттик органдардын башкы милдети экенин белгиледи.

"Президентибиздин жарлыгы менен “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы” кабыл алынган. Программаны аткаруу максатында Жогорку Кеңеш былтыртан тарта ири өлчөмдөгү каражат бөлүп бере баштады. Зарылчылык туулса дагы кошумча каражат бөлүү жагын карайбыз.

Ушундай мамлекеттик колдоонун натыйжасында президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия китептерди, сөздүктөрдү, сүйлөшмөлөрдү, колдонмолорду чыгарды. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында жүргүзүлүп жаткан маанилүү иштер улантылууда. Ушул жылдан тартып мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Мындай иштер Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө турат.

Баарыбыз мамлекеттик тилибизди – кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн иштеп, салымыбызды кошолу",- деди парламент жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан