СССР маалындагы 152 чакан ГЭСтин учурда 13ү гана иштеп жатат

"Советтер Союзу маалында кыргыз жеринде 152 чакан ГЭС иштесе, учурда 13кө жакыны гана иштеп жатат". Муну 17-февралда парламент депутаты Жыргалбек Турускулов билдирип, иштебей турган ГЭСтерге кызыккан инвесторлор бар экенин айтты.

"Инвесторлордун айрымдары 2,1 коэффициент менен иштешкенге деле макул. Алар иш баштайын дешсе, башка көйгөйлөрдүн башы кылтыят. Мисалы, суунун башы бир айыл өкмөтүнө караса, суунун аягы башка бир айыл аймагынын карамагына таандык болуп чыгат. Токой чарбачылыгына байланышкан маселелер да көтөрүлөт. Ушунун баары инвестордун карамагында болуш керек, бирок бул жагдай бир топ кыйынчылыктарды жаратууда”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан