Аксы районунда мектеп мугалимдери өкмөттүк гезиттердин мажбурлоо жолу менен сатылып жатышына нааразы. Муну бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Туманбаева билдирип, өкмөттү муну токтотууга чакырды.
"Окуу жылынын башында мугалимдерди гезит алууга мажбурлап акча жыйнашат экен. Анысы аз келгенсип, гезиттер 2-3 ай кечигип барарын айтышууда. Азыркы учурда маалыматтар саат, мүнөт сайын жаңыланып турат, Гезиттер кечигип барганы үчүн мугалимдер маалыматтан артта калышууда. Мажбурлоо качан токтойт? Тийиштүү тапшырма берип, аксылык мугалимдерге жооп берүүнү өкмөттөн өтүнөм",- деди Туманбаева.
Депутат аталган райондогу Жаңы-Жол айылына Маданият үйүн курууга өкмөттөн колдоо көрсөтүүнү суранды.