Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору Ош жергесинде окутуу иштерин уюштурду

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери” аттуу 24 сааттык методикалык семинар-тренингди Ош облусунда уюштурду.

Ош облусунун жана Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине арналган семинар-тренингге катышкан 106 кызматкер жыйынтыктоочу тесттин негизинде атайын тастыктамаларга ээ болушту.

Ушундай эле семинар-тренинг 18-февралдан 20-февралга чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн өткөрүлмөкчү.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун демилгеси менен “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери” аттуу семинар-тренинг 2016-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан