Өлкө аймактарындагы маданий мекемелер иштебей турат. Аларды тезинен иштетип, кирешелүү тармакка айлантууга мезгил жетти. Муну 18-февралда парламентте депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
"Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. Бишкек жана Ош шаарларында көптөгөн маданий жайлар – Маданият үйлөрү, кинотеатрлар, театрлар иштеп жатат. Чакан шаарлардагы, райондордогу, айылдардагы маданий жайларга башка багыттагы объектилер жайгашып алган. Алардын баарын текшерип, маданий жайларды өз багытында иштетүү талабын коюш керек. Жөн эле иштетип койбой, кирешелүү тармакка айлантуу зарыл. Ага толук мүмкүнчүлүктөр бар",- дейт депутат.