Борбор калаа Бишкек күн чыгары менен жанданып, өз нугуна түштү. Жолдор унааларга, аялдамалар тургундарга толду. Кимдир бирөө жумушуна шашса, айрымдары жумуштан кайтышууда. Бирөө баласын бала бакчага жетелеп бара жатат, бирөө окуусун көздөй бет алды, кээ бир тургундар жөн эле сейилдегени чыгышкан. Шаардын тазалыгына кам көрүп жүргөн жумушчуларды, соодага даярданып жаткан сатуучуларды, унаа тыгынында калган жүргүнчүлөрдү көрүүгө болот.
Эртең мененкисин тургундардын көбү күнүмдүк ойлорго түшүшкөн. Ойго түшкөндөр үчүн чечилбес көйгөй жок экенин эскертип, эгер андай эмес болсо, ал тууралуу ойлонуунун да кереги жок экенин кошумчалайбыз. "Ким эрте турса, ошого ийгилик жылмаят" делгени менен, "ийгилик жакшы маанайда ойгонгон адамга жылмаят" деген да сөз бар. Андыктан жакшы маанайда ойгонууга ар бирибизде себеп болсун!