Президент Алмазбек Атамбаев 18-февралда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаровду кабыл алып, мамлекет башчыга Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берилди.
Капаров стратегиялык өнөктөштөр тарабынан кыргыз мамлекетине аскердик-техникалык жардамдар жана өлкө эгемендигинин 25 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдык көрүү иштери тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары тараптар аскердик башкаруунун борбордук органынын ишмердигинин, анын ичинде коргонуу иштерин камсыз кыла турган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу системин өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.