2015-жылы жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча 6 салыкчы кызматынан бошотулган

Мамлекеттик салык кызматында 2015-жылдагы жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 кызматкер ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.

Жалпысынан 2015-жылдын аралыгында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына ар кандай даттануулары менен 155 жаран кайрылып, анын ичинен 80 кайрылуу электрондук почта аркылуу келип түшкөн. Ошондой эле ишеним телефону аркылуу 44 адам кайрылган, ал эми 20 даттануу боюнча факт аныкталган. Бардык кайрылуулар республиканын мыйзамдарына ылайык каралып чыккан жана аныкталган фактылар боюнча тиешелүү чаралар кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, 36 кайрылууну текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдарга карата тартиптик жаза чаралары көрүлгөн. Муну менен катар ишеничтен кеткендигине байланыштуу салык органдарынан 6 кызматкер жумушунан бошотулган, дагы 8и катуу сөгүш, 15 кызматкер сөгүш алды, ал эми 38 кызматкерге эскертүү берилген.

Жарандардын кайрылуулары боюнча иштер коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын коррупциянын алдын алуу боюнча ведомстволук планына ылайык жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан