Жалпы инвестициялык климат боюнча “Өкмөттүк саат” өткөрүү демилгеленди

Жогорку Кеңештин 18-февралдагы жыйынында депутаттар жалпы инвестициялык климат боюнча “Өкмөттүк саат” өткөрүүнү демилгелешти.

Депутат Мирлан Бакировдун айтымында, өлкөдөгү жалпы инвестициялык климатка арналган иш-чара өткөрүү зарылдыгы бар. Ал жумушчу орун, соода-сатык, өндүрүш, дегеле экономикалык көрсөткүчтөр боюнча 25-февралда “Өкмөттүк саат” белгилөөнү сунуш кылды. "Анда Евразиялык экономикалык бирликке кирүү менен эмнеге жетиштик жана дагы эмнелерге жетишебиз деген маселелер боюнча жооп алабыз",- деди депутат.

Мындан тышкары М.Бакиров түрк насыясы менен 30дай мектеп курулуп баштап, аягына чыкпай турганын айтып, аткаруу бийлигинен конкреттүү маалымат берүүнү талап кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан