Кыргыз Республикасында 22-марттан баштап пневмониянын алдын алуу боюнча наристелерди эмдөө иштери башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Вакцина 2,5 айлык балдардан баштап 1 жашка чейинки балдарга сайылат. Пневмония жана менингит дартын козгоочу пневмококк инфекциясы жугуштуу, кулак жана дем алуу органдарын жабыркатат. Бул ооруга 2 жашка чыга элек наристелер көп чалдыгышат. Эмдөө үчүн Францияда чыгарылган "Превенар 13" вакцинасы колдонулат. Бул эмдөө 90 өлкөдө жүргүзүлөт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, 5 жашка чейин 500 миңдей наристе пневмококк ооруларынан каза болот. Балдарды бул жугуштуу оорудан сактоонун жалгыз жолу - эмдөө.