Депутаттан запкы жеген журналист милицияга арыз жазуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевден запкы жеген журналист Семетей Талас уулу милицияга арыз жазуудан баш тартты. Муну журналист өзү социалдык баракчасы аркылуу жарыялады.

"Арыз жазбайм. Ата-энеме асылып сөккөнү үчүн жазайын деген элем. Элдин таразасына койдум. Мени сөккөнү, тепкенине териккен деле жокмун. Сүйлөшүүлөргө барбадым, барбайм дагы. Ага баарын акча, мансап, бийлик, өкүмзордук менен тебелеп-тепсей албасын далилдегим келип жатат. Ата-энемди сөккөнү үчүн баары бир жооп берчү күн келет! Ага карата арыз жазбаганым эле болбосо, колдон келишинче күрөшүп жатам. Артка кайтып же тайсалдап корккон жокмун",- дейт журналист.

Депутат өзү окуя тууралуу пикир билдирүүдөн баш тартууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан