Ош облусунун казысы имамдарды жергиликтүү кеңештердин шайлоо иштерине аралашпоого чакырды

Ош облусунун казысы имамдарды жергиликтүү кеңештердин шайлоо иштерине аралашпоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Алай районунун жергиликтүү тургундары жана башкы имамдары менен көчмө жыйын өткөрдү. Анда облус казысы жалпы тургундарга алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө жаат-жаатка бөлүнбөй, шайлоонун шайтан оюндарына азгырылбай, мусулманчылыктын бийик маданиятын көрсөтүп, элдин биримдигин чыңдоого үндөдү. Ошол эле убакта райондордун башкы имамдарына тапшырма катары жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоо өнөктүктөрдө ар бир мечиттин имамы үгүтчүлөрдүн иштерине аралашпастан, элди ынтымак жана биримдикке чакырып, тынчтыктын орбитры болуусун милдеттендирди.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин кол койгон жарлыгына ылайык, ушул жылдын 27-мартына Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Ноокат райондоруна караштуу айылдык кеңештерге жана Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан