Өлкөдө алып сатарлар жана соода түйүндөрү нанга болгон бааны 30-40 пайызга жогорулатышууда. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 18-февралда азык-түлүккө болгон бааларга арналган тегерек столдо белгилүү болду. Анда белгиленгендей, учурда нан сатып иштеген ортомчулар аны чыгарган өндүрүүчүлөргө караганда көбүрөөк пайда таап жатышат.
Нан өндүрүүчүлөрдүн бириккен коомунун өкүлү: “Нан - бул социалдык азык-түлүк. Алып сатарлар анын баасын болгону 2-3 пайызга кымбатыраак кылып сатышы керек. Тилекке каршы, учурда нан жапкан ишканалар соода түйүндөрдүн текчелери үчүн да акча төлөшөт. Мындан тышкары өкмөт аларга 10 пайызга чейин үстүнө кошуп сатууга уруксат берип койгон. Жыйынтыгында нандын баасы бир топ кымбаттап кеткен”,- деди.