“Баламды №52-бала бакчанын тарбиячылары сабаган” деген эне соттук экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө

“Баламды №52-бала бакчанын тарбиячылары сабаган” деген эне соттук экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Наталья Никифорова билдирди. Анын айтымында, борбордук бала бакчаларда баласын тарбиялаган ата-эненин биринен башкармалыкка арыз келип түшкөн.

Анда эне баласынын бала бакчадан ар кайсы жери көк ала болуп келерин айтып, буга тарбиячыларды күнөөлөгөн. Буга байланыштуу комиссия түзүлүп, аталган бала бакчанын директоруна эскертүү жарыяланган, ал эми тарбиячылар кийин башчысынан сөгүш алышкан. Себеби алар баланын үйүнөн көк ала болуп келгенин же бала бакчадан болгонун карашкан эмес. Учурда шаардын бардык бала бакчаларында балдарды кабыл алууда алардын тышкы кебетеси дыкаттык менен текшерилип жатат”,- деди орун басар.

Ошондой эле Никифорованын айтымында, учурда сабалды делген наристе бала бакчага келе элек. “Мен уккан боюнча бизге арыз жазган эне укук коргоо органдарына кайрылып, баласынын алган жаракаттары боюнча соттук экспертизадан өткөн. Ал эми Билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия окуянын чоо-жайын иликтеп жатканда сабалды делген баланын тарбиячыларына болгон мамилесин көрүп, наристе бала бакчадан зомбулук көрбөгөнүнө ишенет. Анткени 3 жашар бала тарбиячыларын чуркап барып кучактап, теңтуштары менен оңой ойноп кеткен”,- деди Никифорова.

Белгилүү болгондой, учурда Билим берүү башкармалыгында шаардагы бардык мамлекеттик бала бакчаларга видеобайкоо коюу боюнча демилгелер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pandora
2016-02-18 15:46:49
Ар бир жерге,бала бакча,ооруканаларга да камера орнотулуш керек.
+2
Arslan12
2016-02-18 21:24:02
Бала-бакчанын ичи кооз го.
0
cholponka91
2016-02-19 09:25:48
менин балам да кандай садике барат ошондой оруп калат жакшы карашпайт анан балам кундо эртен менен ыйлайт садике барбайм деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан