Маркум Жеңишбек Райымбаевге Бишкек шаарында берилген үйдү мамлекетке кайтаруу тууралуу маселе козголбогонун Бишкек шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгынын орун басары Султан Өмүров SUPER.KG порталына кабарлады.
"Жеңишбек Райымбаевге берген үйдү мамлекетке кайтаруу тууралуу маселе каралган да эмес, козголгон да эмес. Ал үй берилген жана кайтарылбайт",- деди Султан Өмүров.
2015-жылдын 1-июнунда каза болгон Жеңишбек Райымбаевдин апасы уулуна берилген турак жайды Бишкек шаардык мэриясы мамлекетке кайтаруу аракетин кылып жатканы тууралуу ММКларга жарыялаган. Эскерте кетсек, бул үй 2010-жылы январь айында Бишкек шаардык мэриясы тарабынан берилген.