"Уулумдун бала бакчага кезек аркылуу, эч кандай акча төлөбөй кабыл алынганы бала бакчанын жетекчисине башынан эле жаккан эмес. Баламды сабап, аны кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок". Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги №52-бала бакчанын тарбиячылары тарабынан сабалды делген баланын энеси Жамиля Нуркулова билдирди.
“Менин уулум 3,5 жашта. Бул бала бакчага барганына 3 ай эле болду. Ошол учурдан тарта эле балам жетекчисине жаккан эмес, себеби биз эч кандай акча бербей, кезек аркылуу келгенбиз. "Сизди бул жакка ким жиберди?" деген суроолор да орун алган. Арадан 3 күн өтпөй “балаңыз тентек, сүйлөбөйт экен” деп айтып чыгышкан. Мен аларга анча көңүл бурган эмесмин. Бир күнү тырмагы көгөрсө, экинчи күнү кулагы көгөрүп, бети-башы тытылып келип жатты. Бала бакчага барып бул тууралуу айтсам, “бул бала бакчага акыл-эси толук балдар келет, сиздин балаңыз атайын адистештирилген бала бакчага барышы керек” деген жооп уктум. Балама кем акыл же оорукчан деген диагнозду дарыгерлер же адистер коюшу керек, бирок бала бакчанын кызматкерлери эмес. Эгер менин балам чынында эле ошондой болсо, ага бала бакчага жолдомо бермек беле?!”- деп ачууланды Ж.Нуркулова.
Нуркулова бирөөнүн гана эмес, өздөрүнүн балдарын ур-токмокко алгандар жазасыз калбашы керектигин белгиледи.
“Мени тарбиячынын “Психиатрда каттоодо турабы?” деген суроосу кыжырлантты. Биз бала бакчага келгенден баштап эле "башка жакка баргыла" деген сөздөрдү угуп келгенбиз. Менимче, булар менин уулумдун ордуна башка акчалуу бирөөнү алалы деп жаткан окшойт. Бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Дайырова менден кечирим сурады, бирок бул мага аздык кылат. Менин эле эмес, ар бир ата-эненин баласын эч ким уруп-согуп, кемсинтүүгө акысы жок. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыкса, анан дагы көрөбүз”,- деп кошумчалады ызаланган эне.
Белгилүү болгондой, “баласы сабалды” делген эненин эки баласы бар. Улуусу 17 жашта, ал эми кичүүсү 3,5 жашта. Учурда ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазган жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө.