Алтынбек Сулайманов: "Автокырсыктарга оң рулдуу унаалар себеп" деген болбогон сөз"

"Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө оң рулдуу унааларды айыптоо болбогон сөз",- деп билдирди Жогорку Кеңештин 18-февралдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов. Депутат кырсыктардын өсүшүнө айдоочулар күнөөлүү экенин белгиледи.

"Кеп автоунаанын оң же сол рулдуусунда эмес, айдоочуларда. Биз өзүбүз баш болуп жарандарыбыз айдоочулук күбөлүктү сатып алышууда. Автомектептерде жарандардын фамилиялары гана окуп жатат, өздөрү башка жакта эле жүрүшөт. 5 миң сом төлөп күбөлүктөрдү алышууда. Өкмөт ушуну токтотмоюнча баш аламандык улана берет, кырсыктар азайбайт. Катуу чара көрүү керек. Мисалга алсак, Беларуста айдоочу мас абалында кармалса, автоунаасы токтоосуз конфискацияланат",- деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан