Оң рулдуу унааларга чектөөнү 2020-жылга жылдыруу демилгеси экинчи окуудан өттү

Жогорку Кеңеште оң рулдуу автоунааларга тийиштүү көйгөйлөрдү жоюуга багытталган "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Парламент депутаттары Иса Өмүркулов менен Алтынбек Жунус уулу оң рулдуу автоунааларды жүргүнчүлөр менен коммерциялык жүктөрдү ташууга тыюу салуу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштоодо. Жаңыдан күчүнө кирген мыйзамга ылайык, оң рулдуу унааларды такси кызматына колдонууга 2016-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынган.

Чектөөнү артка жылдырууга 108 депутат "макул", 5 депутат "каршы" деп добуш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан