Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда Анкара шаарындагы жардырууга байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.
"Кыргыз мамлекетинин жарандары бул коркунучтуу окуяда боордош Түркия эли менен бирге кайгырууда. Муну менен бирге мындай адамгерчиликсиз жана ырайымсыз терактты кескин айыптайт жана мындай кылмыштар эч бир актоого жатпайт деп эсептейт",- деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Өлкө жетекчиси кырсыктан каза тапкандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалаарын билдирди.
Эскерте кетсек, 17-февралда Түркиянын борбору Анкара шаарындагы катуу жардыруудан 30дай адам каза болуп, 60тайы жаракат алган.