Түркиядагы жардыруудан жабыркагандардын арасында кыргыздар жок. Бул тууралуу тийиштүү министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 17-февралда Түркиянын борбору Анкара шаарында болгон. Жардыруудан каза болгондордун саны 28ге, жаракат алгандардын саны 60ка жетти. Түркиядагы мекендештерибиздин бири Адилет Абишов менен байланышканыбызда, тургундар тынчсызданып, коркуп калышканын маалымдады. Ошондой эле жардыруу болгон аймакка жакын жерде кыргыздар бар болуп, бирок жабыркабаганын, азыр жардыруу ким тарабынан уюштурулганы белгисиз бойдон экенин билдирди.