Автоунааларды ээсине айтпай эвакуациялоо демилгеси күчүнө кирсе, айдоочулар унаасын "102" номуру аркылуу издешет

Парламенттин 18-февралдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилер автоунааларды ээсине кабарлабаган шартта эвакуациялоо маселеси толук жөнгө салынбаганын айтышты. Аталган кодекске “транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо” деген жаңы берене киргизилүүдө, эвакуациялоо тартибин өкмөт аныктамакчы.

Талкууда "Айдоочулар унаалары эвакуацияланганын же уурдалып кеткенин кайдан билишет?", "Эвакуациялоо учурунда унаага зыян келтирилсе ким жооптуу болот?" деген суроолор берилди. Өкмөт өкүлдөрү эвакуацияланып кеткен унааларды “102” кызматына чалып билүүгө болорун айтышты. Мыйзам күчүнө киргенде дароо айдоочуларга айып пул төлөтүүдөн мурун, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунуштары берилди. Мас айдоочу автокырсыкка себепкер болсо, анын автоунаасын конфискациялоо сунушун документке киргизүү кошумчаланды.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан