Бишкектеги №85-мектептин директору 9-класстын окуучусунун мектепке хиджаб кийип келүүсүнө каршылыгын көрсөткөн. Ал окуучудан бирдиктүү мектеп формасын кийүүнү талап кылган. Бул маселе боюнча окуучу кыздын жакындары Акыйкатчы институтуна жана башка укук коргоо уюмдарына кайрылышкан.
Кыздын апасы Мээрим айымга кайрылып, окуя тууралуу сураганыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Буга чейин кызыбыз мектеп формасын кийип жүрчү. Быйылкы окуу жылынын башынан баштап хиджаб кийген, бирок мектеп директору буга каршылык көрсөттү. Акыйкатчы институтуна жана башка уюмдарга кат жолдогон соң директор менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Жыйынтыгында директор кызыбыздын мектепке хиджаб кийип баруусуна уруксат берди".