Самаркандек айылынын тургундары пенсионерлерге эски өкмөттүк гезиттерди мажбурлап сатууга каршы

Баткен районунун Самаркандек айылынын тургундары пенсионерлерге эски өкмөттүк гезиттерди мажбурлап сатууга каршы. Аталган айылдын тургуну Таирбек Турдалиев бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына байланышып, мындай аракетти жергиликтүү эл токтото албай жатканын айтты.

"Ата-энем экөө биригип 9000 сом пенсия алышат. Пенсия берүүдө 2 ай мурун чыккан өкмөттүк эски гезиттерди мажбурлап берип, пенсиядан 140 сом кармап калууда. Буга Социалдык фонддун жыйынында нааразычылык айтылган, жооп катары мындай буйрук жогору жактан берилгенин айтышкан. Эски эмес, жаңы болсо деле эл азыр өкмөттүк гезиттерди окубайт. Буга депутаттар чара көрүшү керек деп эсептейм",- дейт жергиликтүү тургун.

Белгилей кетсек, ушундай эле маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутаттардын бири Аксы районунда эски гезиттер үчүн мугалимдердин айлыгынан кармалып жатканын маалымдап, өкмөткө тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан