"18 жаштагы уулум Нурпайыз Дүйшөнбековду төрт жоокер жана ротанын улугу кур менен заңдап койгончо сабап салышыптыр",- деп Камчыбек Жумакадыров бүгүн эртең менен SUPER.KG порталына кайрылган. Акыйкаттык издеген атанын кайрылуусунан кийин Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы менен байланышсак, бул факт боюнча Жумакадыровдон арыз келип түшкөнүн билдиришти.
Аскердик прокуратуранын жетекчисинин орун басары Мухамед Жолоновдун айтымында, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. “Ооба, бизге бул маселе боюнча Нурпайыздын атасы 2-февраль күнү арыз менен кайрылган. Азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат”,- деп жооп кылды Жолонов.
Камчыбек Жумакадыров бизге: "Уулум Оштогу №30629-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Анда төрт жоокер жана ротанын улугу Ильич Таштанов уулум Нурпайызды жоокерлер менен дааратканага алып кирип, курдун башындагы темири менен башка-көзгө чапкылап, сийип-заңдап койгончо сабашыптыр. Анан ооруканага алып барышпай, медициналык-санитардык бөлүмдө бир айга жакын көк аласы тарап кеткенче кармашкан. Уулум ал жерден өзүнө келбей, эс-учун жоготуп, өйдө-төмөн сүйлөй баштаганда психикалык ооруканага алып барып салышкан. Азыр ал оорукананын дарыгерлери баламдын соттук-медициналык экспертизасы чыкмайынча ооруканадан чыгарбайбыз деп жатышат. Бул иш боюнча Оштун Аскер прокуратурасына кайрылгам. Ал жердин тергөөчүсү "тиги балдардан сурадым, алар урбаптыр" деп ишти жакшы карабай жатат. Балам нес болуп, коркуп калган. Ильич Таштанов уулума келип "бул окуяны эч кимге айтуучу болбо" деп коркутуп кетиптир",- деп кайрылган.