27-февралда Бишкек шаарынын мэри шайланат. Учурда шаар башчылыгына ким, кандай адис келери коомчулуктун кызыгуусун арттырып турат. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев борбор калаанын башчылыгына республикалык деңгээлде кадыр-барктуу адам келиши керек деген пикирде.
- Саламатсызбы, Өмүрбек Чиркешович! Сиздин көз карашыңыз боюнча, Бишкек шаарынын мэрлигине ким шайланышы мүмкүн?
- Тилекке каршы, бул жагдайда менин эч кандай ой жорумум жок. Жакында ушундай эле суроону чет элдик дипломат дагы берди. Мен ага "азыр Бишкек шаарынын мэрин шайлоого байланышкан маалыматка караганда Алеппо шаарындагы кырдаал жөнүндөгү маалыматтарды көбүрөөк билем" деп жооп бердим. Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэрине талапкер шаардык кеңештеги фракциялар жана премьер-министр тарабынан сунушталат.
Бишкек катардагы шаар эмес, бул биздин өлкөнүн ордо калаасы, бир гана саясий эмес, ошондой эле экономикалык жана маданий борбор. Ошондуктан Бишкекти ким жана кантип башкарганына жараша бүтүндөй өлкөнүн өсүү темпи жана өнүгүү багыты аныкталат. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги маселе эмес, ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги мааниге ээ. Ошондуктан мэрдин талапкерлигин тандоого премьер-министр жана башка алдынкы саясий күчтөр катышууга милдеттүү.
Мен шаардык кеңештеги фракциялар, премьер-министр бул маселеден өзүбүздү оолак кармап туруп алдык деп эсептеймин. Бул биздин өлкөдөгү жоопкерсиздик. Биз кеңеш бербей жатабыз, талапкерлерди тандап жана аларды талкуулабай жатабыз, жоопкерчиликтен качып жатабыз, бул туура эмес.
- Эгер сиз так бир талапкер жөнүндө айткыңыз келбесе, анда айтыңызчы, Бишкек шаарынын мэри кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Бүгүнкү күндө өкмөттүн кадр саясаты боюнча логикасы түшүнүксүз болуп баратат. Мисалы, "Премьер-министр кандай ой жорумдардын негизинде тиги же бул кызматкерди жогорку кызматтарга дайындап жатат?" деген мыйзам ченемдүү суроо өзүнөн-өзү туулат. Мисалы, Ош облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кантип дайындалган?
Эгерде анын кызматтык тизмесине кайрылсак, ал 1989-жылы автослесарь болуп иштесе, 1991-1992-жылдары жашылча-жемиш комбинатында сатуучу болуп иштеген. 2005-жылга чейин эмне менен алектенгени белгисиз болсо, 2005-жылы Гүлчөдөгү жергиликтүү базардын директору болуп калат. Ал эми 2008-жылы эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин төрагасы болуп шайланса, 2012-жылы депутаттар жарыбаган айырмачылык менен аны Алай районунун акимдигине бекитишет. Анан кокусунан эле аны өткөн жылдын аягында Кыргыз Республикасындагы эң чоң облустун башчысы кылып дайындашат. Анын билими жөнүндө эч кандай маалымат жок. Ош облусунун губернатору болуп бир гана тажрыйбалуу адамдар эмес, ошондой эле республикалык деңгээлдеги кадыр-барктуу саясатчылар, мурдагы же келечектеги премьер-министрлер дайындалып келген: Султан Ибраимов, Үсөн Сыдыков, Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев жана башкалар.
- Эмне үчүн ушундай белгилүү адамдар дайындалган?
- Анткени Ош облусу - абдан татаал аймак. Калктын көбү ушул аймакта жайгашкан, ал аймакта өлкөнүн бардык көйгөйлөрү топтолгон: демографиялык көйгөйлөр (элдин жыш жайгашкандыгы), терроризм жана радикализмге байланышкан көйгөйлөр, баңгизатка байланышкан оор кырдаал, курч чек ара жана диний маселелер, ошол эле учурда бат-баттан болуп турган этникалар аралык кырдаалдар жана башка маселелер пайда болуп турат. Демек, болгон коркунучтардын түйүнү ушул облуста топтолгон. Ошондуктан ал жакка тажрыйбасы жана эл арасында кадыр-баркы бар, облустагы өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдой адам дайындалышы керек болчу. Ал эки ирет парламентке шайланды, Жогорку Кеңештин комитетинде төрага болгон, Эл өкүлдөр жыйынынын вице-спикери, айыл чарба министри болуп иштеген, анын тажрыйбасы, билими жана саясий салмагы 2010-жылдан кийинки окуялардын соңунда аймактагы абалды турукташтырууга жардам берди.
Бишкекке келсек, анда борбор калаабыз көйгөйлөрүнүн маанилүүлүгү жана татаалдыгы боюнча Ош облусунун көйгөйлөрүнөн кем калышпайт. Шаарга республиканын бардык аймактарынан өздөрүнүн көйгөйлөрү менен адамдар келишет. Демек, борбор калааны адилеттүү, коррупциялашпаган, тажрыйбалуу чарбакер, эң башкысы, республикалык деңгээлдеги ар кандай кызматтарда иштеген, саясий салмагы бар адам болуш керек.
- Көпчүлүк "Чарбакер адам мэр болушу керек, ага саясий кадыр-барктын эмне кереги бар?" деп айтып жатышат, буга сиз кандай карайсыз?
- Бишкекте кырдаал оор, бардык көйгөйлөрдү чечүүгө каражат жетпейт. Шаарда реформа жүргүзүү үчүн республикалык деңгээлдеги саясий колдоо зарыл. Анткени Бишкектеги кандай гана реалдуу реформа болбосун, ал келип эле таасирдүү топтордун саясий жана бизнес кызыкчылыктарынан кыйгач өтө албайт. Ошондуктан республикалык деңгээлде саясий колдоо болбосо, анда бул күчтөр кайсы гана мэр болбосун, реформаларды баштоого жол бербейт. Эгерде ал мэр реформаларды баштаган күндө дагы, алар аны аягына чыгууга тоскоолдук кылышат. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Ошондуктан мэр өкмөттүн, парламенттин колдоосуна ээ болгон жана аны менен эсептеше турган деңгээлдеги саясий кадыр-баркка ээ болушу керек, анткени ал ордо калаанын кызыкчылыктарын коргой билиши зарыл.
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо Ош облусунун губернаторун шайлагандай деңгээлдеги логика менен өтүшү шарт. Мындай маанилүү кызматка жөн эле жакшы киши экен деп дайындап коюуга жол берилбеши керек.