Бүгүң, 19-февралда Бишкекте доллардын курсу дагы төмөндөдү. Акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 74 сом 20 тыйындан сатып алып, 74 сом 50 тыйындан сата башташты. 15-февралда эле 1 доллардын сатылышы 75 сом 20 тыйын болуп жаткан. 4 күн аралыгында 80 тыйынга ылдыйлады.
Февраль айынын башында 1 доллар 72 сомдон сатылып алынып, 73 сом 80 тыйындан сатылып жаткан болсо, 10-февралда 74 сом 30 тыйындан алынып, кайра сатылышы 75 сом 50 тыйынга чыккан.