Парламенттик фракция жума намаз үчүн өлкө боюнча жума күнүндөгү жумуш убактысын саат 19:00гө чейин узартканы жатат

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун даярдады. Ага ылайык, өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлеринин жума намазга барып келиши үчүн бир саат убакыт бөлүнмөкчү. Мындан улам жума күнү жумуш убактысы саат 19:00гө чейин узартылат.

Бүгүн, 19-февралда фракциянын жыйынында бул долбоордун демилгечиси Тазабек Икрамов өлкөдө калктын 80 пайызы мусулмандар экенин айтты. "Алар жума намазга барышканда айрым учурларда жетекчилер тарабынан сөз угушууда. Ошондуктан жума күнү түшкү танаписти 2 саатка узартсак, бул маселе чечилет",- деди Икрамов.

Жыйынтыгында фракциянын мүчөлөрү бул демилгени колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан