Ахматбек Келдибековдун сотунда Текебаев көрсөтмө берди

18-февралда Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурумда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев күбө катары көрсөтмө берди. Муну 19-февраль күнү SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Гүлмира Боталиева билдирди.

Ал эми айрым маалымат каражаттары жазып чыккандай, Текебаев сотто Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу демилгесинде Келдибеков өз кызыкчылыгын көздөбөгөнүн айтты. "Келдибеков өз кызыкчылыгын көздөгөн эмес деп ишенимдүү айта алам. Өз партиялашын кызматка коюу биз өткөн партиялык башкаруу системинин принциптерине толук жооп берет. Муну мен эч кандай чектен ашуу, мыйзамсыз иш-аракет катары баалабайт элем" деди Текебаев",- деп жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан