Мамлекеттик салык кызматы тарабынан болжолдонгон 4 миллиард 400 миллион сомдун ордуна 4 миллиард 951 миллион 200 миң сом суммадагы салыктар жана төлөмдөр чогултулган. Божомолдонгон план 112,5 пайызга, башкача айтканда, 551 миллион 200 миң сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
2015-жылдын январь айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 1 миллиард 377 миллион 300 миң сомго же 38,5 пайызга жогорулаган.