Бүгүн, 19-февралда Улуттук гвардиянын 714-аскер бөлүгүндө Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондорунун окуучулары үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Ага болжол менен 2500 окуучу катышып, аскердик жашоого бир аз болсо да көз чаптырып кетишти. Иш-чарага 10-11-класстын окуучулары келишти, алардын арасында кыздар да бар.
Улуттук гвардиянын кол башчысынын басма сөз катчысы, полковник Таалайбек Мырзабаевдин айтымында, учурда аскердик кызматты айымдар деле өтөй беришет. “Мисалы, 714-аскер бөлүндө иштегендердин 7 пайызын айымдар түзөт. Алар эсепчи, ашпозчу сыяктуу кызматтарда эмгектенишет. Ошол эле маалда эркектер сыяктуу чуркап, тартынып жана башка дене тарбия боюнча нормаларды тапшырышат”,- деди полковник.
Мырзабаевдин айтымында, Ачык эшиктер күнү жыл сайын өткөрүлүп келет. “Кечээ, 18-февралда биздин 701-аскер бөлүгүндө да ушундай иш-чара өтүп, ага борбордун Биринчи Май жана Свердлов райондорунун 1500дөн ашык окуучусу катышты. Биздин максат - аскерге чакырылчуларды аскердик жашоо менен жакындан тааныштыруу. Балдар бирөөдөн угуп эмес, өз көздөрү менен көрсүн дейбиз. Бул нерсе болочокто кесип тандоодо жардам берет деген ойдобуз”,- деди басма сөз катчы.