Түрк туристтеринин кыргыз өлкөсүнө болгон кызыгуусу күчөп жатканын USAID`дин изилдөөлөрү көрсөттү. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, түрк туристтерин өзгөчө Бурана, Аль-Сарахи байыркы көрүстөнү жана
Саймалуу-Таш петроглифтери кызыктырат. Изилдөөдө боз үйдө жашоо, көчмөндөрдүн оюндары жана кыргыз тамак-аштары, музыкасы Түркиядан келген конокторго кызыктуу болору айтылган. Андан тышкары изилдөөнүн бет ачарында Түркиядан туристтердин келишине өбөлгө түзүү боюнча рекомендациялар берилген.
Кыргыз өлкөсүнүн туризм жааты үчүн Түркия чоң жана изилдене элек рынок болуп эсептелет. Ошону менен бирге Түркиянын туристтик операторлору жаңы багыттарды ачууга кызыкдар. Изилдөөгө ылайык, 2014-жылы 8,3 миллион түрк жараны иш жана эс алуу үчүн дүйнөнүн ар тараптарына сапар алышкан. Жыл сайын 300 миңден ашуун түрк туристтери адаттагыдай эмес туристтик багыттарга барып турушат.
Бул изилдөөнү USAID “Эгемендик” аттуу кыргыз өлкөсүнүн түрк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн бирикмеси менен бирге өткөргөн. Жакын арада USAID Кыргыз Республикасын туристтик багыт катары түрк жарандарынын арасында белгилүү кылууга кызыкдар жактарды колдоону пландаштырып жатат.