"Жалал-Абад шаары Кыргыз Республикасындагы жалпы потенциалы боюнча үчүнчү шаар, анда Манас атабыздын айкели турушу керек. Жалал-Абад шаары - бардык жагынан өнүккөн өлкөбүздөгү ири шаарлардын бири. Азыр Бишкекте да, Ошто да Манас атабыздын айкели турат. Эмне үчүн бизде жок? Аны шаардык бюджеттин эсебинен эле тургузуп алышыбыз керек",- деди коомдук ишмер, ардагер Шермамат Осмонов шаарда 2015-жылы аткарылган иштер жана 2016-жылга иш-чаралар планын талкуулаган коомдук угууда.
Шаар мэри ага жооп иретинде Манастын айкели үчүн кыйла акча каражаттары талап кылынарын, азырынча инфраструктуралык ар кайсы долбоорлорго гана акча каралып жатканын, бирок бул сунушту карап чыгышарын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.