Өлкөдө МТСтерди түзүү боюнча токтомго эмне себептен кол коюлбай жатканы белгилүү болду

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев өлкөдө машиналык-трактордук станцияларды (МТС) ачуу боюнча токтомду өкмөт эмне себептен бекитпей жатканын SUPER.KG порталына түшүндүрүп берди.

"Фракциябыздын сунушу Айыл чарба министрлигине берилген. Айыл чарба министри токтом долбоорун даярдап өкмөткө берген. Ал жерде Каржы министрлиги менен Салык инспекциясы каршы пикирин көрсөтүшкөн. Ошондуктан азыр токтом долбоору токтоп калды.

Каржы министрлиги 20 пайыз субсидиялоого каршы чыгыптыр. Бирок эгер МТСти ким ачса, ошого кийин анын жалпы суммасынан мамлекет тарабынан 20 пайыз субсидиялоо кылып берсин деген ниетибиз бар. Бул дагы дыйкандарга жеңилдик болот. Экинчиси: ошол МТСти ким ачса, ал кошумча нарк салыгынан жана пайда салыгынан бошотулсун деген оюбузга Салык инспекциясы каршы болду.

Ушул эки себептен улам токтом токтоп калды. Жакында Темир Сариев менен сүйлөштүм. Ушул жума ичинде каршы пикирлерди жок кылып, токтом долбооруна кол коюп берем деп жатат",- деди Төрөбаев.

Мындан тышкары ал бул маселе антикризистик программага кирерин баса белгиледи. "Бул МТСти түзүү тез эле убакытта болот: дыйкан "Айыл банктан" лизинг алат, техникалары даяр, айылына барып жерин иштете баштайт. Ошол адам үлүш жеринен киреше табат. МТС - завод эмес. Заводду иштетүүгө 5-10 жыл керек. Ал эми МТС 10 күн ичинде эле ишке кирет",- деп түшүндүрдү фракция лидери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан