Жалал-Абад шаарында электр энергиясы үчүн туура эмес чыгарылган ири суммадагы 3 эсеп аныкталды

Жалал-Абад шаарынын жарандары тарабынан Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын аймактык башкармалыгына үч арыз келип түшкөн. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматы кабарлады.

Арыздарда "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан электр энергиясын колдонуудагы жазылган актылардын мыйзамдуулугун карап жана тийиштүү жыйынтык чыгарып берүү суралган. Шаардык электр энергиясын сатуу ишканасы тарабынан Б.Кулдашовго 145 137 сом, М.Маматалиевага 143 335 сом, А.Намашамовго 122 554 сомго электр энергиясын уурдоо жолу менен пайдаланган деп айып салынган. Инспекциянын аймактык кызматкерлери иликтөө жүргүзүшкөн. Жазылган акт туура деп табылып, бирок чыгарылган эсеп туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Салынган айып абоненттердин эсебинен толугу менен алынып салынып, электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин тийиштүү беренелеринин негизинде, мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн "Жалал-Абад электр" ишканасына кайрадан жөнөтүлгөн.

Ал эми актыларды толук, мыйзамдуу жана электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин негизинде туура чечим чыгарбагандыгы үчүн Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун алдындагы Сапаттуу тейлөө борборунун менеджери А.Альябевге, Жалал-Абад шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын жетекчиси Ж.Алимбаевге, улук инженер З.Шамурзаевге, инженер Т.Токторбаевге Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин негизинде 1000 сомдон айып салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adi_22
2016-02-19 17:47:47
Бизде да ар ай сайын эсепичи алмаша берип акчаны коп ала бериптир анан текшертирсек окмот карыз болуп чыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан