Бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Досмухамбет Райимбердиев байланышып, буга чейин "Элдик кабарга" чыккан макала боюнча төмөнкүлөрдү айтты:
“Ынтымак айыл өкмөтүнүн почта кызматкери жөнүндө мага ушул күнгө чейин жарандардан эч кандай кайрылуу келип түшкөн эмес. Почта кызматкерин ушул макала менен таанышкандан кийин чакырып сүйлөшкөнүмдө согуштун жана эмгектин ардагерлеринин үйлөрүнө пенсияларын алып барып берерин билдирди. Убагында ошол жердеги пенсия, пособие алуучулар өздөрү “ушул жерден бересиң” деп айтышкандыктан, айылдарда таркатууга туура келерин айтты. Мындан ары согуштун жана эмгектин ардагерлеринен жана социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан башкасына почта кызматкери айыл өкмөтүндөгү почта бөлүмүнүн кеңсесинде бериши керектиги эскертилди. Ал эми “2-3 айлап жөлөк пулдарды бербейт” деген доо боюнча айына келгени айына таркатыларын мага маалымдады. Почта кызматкеринин иши көзөмөлдөнүп турарын эскерттим”,- деди айыл башчысы.
Эскерте кетсек, 17-февралда "Ноокат районунун Ынтымак айылында почтачы элдин пенсиясы менен жөлөк пулун 2-3 айлап кечиктирип таратат жана акчаны айыл өкмөтүндө эмес, жөнөкөй эле тургундун үйүндө отуруп берет" деп окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кайрылган эле.